Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:40

Янукович Тимошенкону кызматтан кетүүгө чакырды


“Мен расмий түрдө премьер-министр Юлия Тимошенкону кызматтан кетип, оппозицияга барыңыз деп чакырам”, - деп айтты Янукович. Бүгүн өлкөнүн Борбордук шайлоо комиссиясы Региондор партиясынын төрагасы Виктор Янукович, жекшембидеги шайлоонун алдын ала жыйынтыктарына ылайык, Тимошенкону 3,5% добуш менен жеңгенин айткан. Украинанын шайлоо комиссиясы соңку расмий жыйынтыкты 17-февралга чейин чыгарышы керек. Бирок бюллетендердин баары саналып бүткөнүн билдирди. Янукович өзү жеңгенин жарыялады. Тимошенко болсо Януковичти “шайлоонун жыйынтыгын бурмалады” деп айыптап, өзүнүн жеңилгенин мойнуна алган жок.

XS
SM
MD
LG