Пакистан бийликтери Ооганстанга чектеш аймакта жанкечти жардырган бомбадан полициянын 18 кызматкери курман болгонун билдирди. Окуя уруулардын ээлигиндеги Хайбер жергесинде болгон. Андан бир аз мурда Хайберде талиптерге каршы аскерий операцияга катышып жаткан тикучар кыйроого учуруган. Экипаждын тагдыры белгисиз.