Талас шаарындагы №1, 2 орто мектептердин 9-класста окуучу кыздардын ата-энелери коомчулукка кайрылышты. Алар өздөрүнүн кыздарын ушул эле мектептердин 11-классынын окуучу кыздары акча талап кылып, катуу сабап салышканын, мындай жорукка алар көптөн бери барып жүрүшкөнү тууралуу маалымдашкан. Катта айтылгандай токмок жеген кыздардын ата-энелери шаардык милиция бөлүмүнө декабрь айында эле кайрылышкан. Кайрылуу ээлеринин бири Жармухамедованын “Азаттыкка” билдиргени боюнча учурда ишти башка тергөөчү тергеп жатат.
Өткөн жылы Таластын Бакай-Ата районунда 10-класстын окуучусу Нурак Саадабай уулу мектептеги рэкетчиликтин курмандыгы болгон. Аны өлөрчө сабаган 11-класстын окуучулары сотто күнөөлөрүн мойнуна алышкан.(ZKo)