Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:18

И. Исаковдун апелляциялык арызын кароо уланат


Мурдагы коргоо министри И. Исаковдун апелляциялык арызын кароого Республикалык аскер соту кечээ киришкен. Бир катар күбөлөрдү сураган соң, сот ишти кароону улантууну бүгүнкүгө калтырган.
11-январда Бишкек аскердик гарнизондук соту мурдагы коргоо министри И. Исаковду кызмат абалынан пайдаланып, министрликке тиешелүү батирди уулуна берип койгон, деген айып менен 8 жылга кесип, генерал-лейтенанттык чининен ажыраткан. Сотто батир берилген офицер Руслан Исаков КР коргоо министрлигинде 1998-жылдан бери эмгектенери жана ага берилген батир И. Исаков министр кезинде эле кайра мамлекетке кайтарылганы эске алынган эмес. Белгилүү болгондой бул айып боюнча кылмыш иши И. Исаков президент К. Бакиевдин башкаруу саясаты менен макул эместигин билдирип, Коопсуздук Кеңешинин катчылыгынан өз эрки менен кеткенден кийин, 2008-жылы 30-декабрда козголгон. Бир жылдан ашуун убакыт соттолуп, аягында камакка алынышы анын саясий ишмердүүлүгүнө байланыштырылып келет.(ZKo)

XS
SM
MD
LG