Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:20

СДПФ лидери премьер-министрди кызматтан кетүүгө чакырды


СДП фракциясынын лидери Роза Отунбаева кечээ премьер-министр Данияр Үсөновго кайрылып, “Түндүк электр”, “Кыргызтелеком” ишканаларын менчиктештирүү боюнча 13 суроо менен кайрылды. Анда мамлекеттик ишканаларды сатуу чаралары жаап-жашырылып жүргөндүгү үчүн өкмөт сынга алынган.
Депутат кайрылуусунда көптөгөн башка суроолордун катарында “Түндүкэлектр” ишканасынын 40 эсе арзан сатылышына негиздерди келтирүүнү өтүнгөн. Мындан тышкары кирешелүү саналган бул мамлекеттик ишкананы 3 миллион долларга сатып алган “Чакан ГЭС” эл оозунда келаткан А. Ширшовдуку деген маалыматтын чын-бышыгын аныктап, ал ишкананын өкмөт алдындагы милдеттенмелерин, мындан аркы тариф саясатын ачыктап берүүнү сураган. Ошондой эле Отунбаева мобилдик байланыш операторлорунун бааны көтөрүшүнө жана ага карата коомчулуктун каршылыгына эмне үчүн өкмөттүн маани бербей койгонуна, “Кыргызтелеком” ишканасын менчиктештирүү алдында Улуттук Банк Кипрди оффшордук аймактан чыгаруу боюнча эмне үчүн күтүүсүз чечим кабыл алганына кызыккан. Акырында оппозициядагы депутат премьер-министрден стратегиялык аймакты түккө арзыбас баага жана куру убадаларга сатуу боюнча өкмөттүн чечими үчүн жоопкерчиликти алар-албасын сураган. Роза Отунбаева Данияр Үсөновго отставкага кетип, эл алдындагы жоопкерчиликти өзүнөн алып салууну суранган.
Мамлекеттин карамагындагы “Түндүк электр” жана “Кыргызтелеком” ишканалары менчикке сатылгандыгын өкмөт өткөн жумада жарыялаган. (BuS)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG