Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:48

Жалал-Абад облусунда мектептер жабылды


Облустук бийликтин бөлүм башчысы Гүлзат Алимбаева бүгүнтөн тарта Жалал-Абад шаарындагы бардык мектептер иштебей турганын билдирди. Балдар бакчалары менен мектептердин үч күн жабылуусуна таңкы саат беште күйгөн жарык менен окуу башталгыча алардын жетиштүү жылытылбаганы себеп болду. Шаардык санитардык кызмат кечээ айрым мектептерде жылуулук он градустан ашпаганы үчүн окууну токтотуу чечимине келген. Тогуз-Торо районундагы мектептер өткөн аптада жабылган. Тоолуу аймакка бир метр 70 сантиметр калыңдыкта кар түшкөн. Район аймагында иштеген 9 техника кардын айынан жолдорду тазалоого үлгүрбөй жатат. (YA)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG