Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:11

Казакстандын окутуучу-профессорлору Кыргызстанда


Казакстандын Евразия улуттук университетинен (ЕУУ) келген делегация Кыргызстандын окуу жайларынынын окутуучу-профессордук жамааты менен жолугушууларды өткөрүүдө. Алар Мамлекеттик техникалык университетинин окутуучу жамааты менен жолугушуп, эки окуу жай ректорлору өз ара кызматташуу тууралуу макулдашууга кол коюшту. Бул тууралуу “Азаттыкка” “Кыргыз Туусу” гезитинин жооптуу катчысынын орун басары Назарбек Байжигитов кабарлады. Анын айтымында, Кыргыз Улуттук университетинин ректору Досбол Нур уулу жана ЕУУнун ректору Бакытжан Абдырайым эки университеттин өз ара кызматташуусу жөнүндө келишимге кол коюшту. Ага ылайык, адистерди биргелешип даярдоо, мугалимдердин кесиптик даражасын жогорулатуу, илимий иштер боюнча алакага кеңири жол ачылмакчы. Алдыдагы окуу жылында КУУнун эң мыкты окуган беш бүтүрүүчүсүнө ЕУУнун магистратурасында билимин жогорулатууга квота берилмекчи.

ЕУУда 9 миң студент, 1 миң магистрант билим алышууда. Алардын 72 пайызы акысыз, гранттык негизде окуйт, жакшы окугандар стипендия алышат. Ошондой эле университетте 9 доктордук кеңеш бар. Жыл сайын отузга жакын доктордук диссертация корголот.(КЕ)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG