Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 5-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:59

Нарында электр тарифтери боюнча сурамжылоо болду


Нарын шаарындагы «Жарандык демилге» коомдук уюмунун алдындагы демилгелүү топ Нарын шаарындагы Сейитказы Андабеков көчөсүнүн жашоочулар арасында «Электр энергиясынын кымбатташына сиздин көз карашыңыз?» деген сурамжылоо өткөрүшкөн. Ага 93 уй-бүлө же 339 адам катышып, алардын ичинен 91 үй-бүлө каршы, бир үй-бүлө макул болуп, бир үй-бүлө “айта албайбыз” деп жооп беришкен. Ал эми 61 бир үй-бүлө жаңы тарифтерди төлөй албайбыз деп жооп беришкен.

«Тоолуу шартты эске алып, мамлекет тарабынан жеңилдиктер болушу мүмкүнбү» деп президентке, Жогорку Кеңештин беш депутатына кайрылганыбыз менен «Жарандардын кайрылууларын кароо жөнүндө» мыйзам бузулуп, бир да жооп болбой жатат,- дейт «Жарандык демилге» коомдук уюмунун жетекчиси Чолпон Өмүрбай кызы.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG