Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:13

Былтыр дүйнөдө 110 журналист мерт болду


Мындай маалыматты Эл аралык маалымат институту өз иликтөөсүнүн негизинде жарыялады. Акыркы он жыл ичинде кесибине байланыштуу дүйнө жүзүндө 735 журналист өлгөн. Алардын 170 Иракта катталган. Журналисттер үчүн экинчи опурталдуу өлкө Филиппин болуп саналат, бул өлкөдө акыркы он жылда 93 журналист өлгөн. Үчүнчү опурталдуу өлкө саналган Колумбияда акыркы он жылда 58 журналист, Мексикада 38, Орусияда 35 жкрналист өлтүрүлгөн. Иликтөөлөргө караганда Азия менен Жакынкы Чыгыш өлкөлөрү журналисттер үчүн эң опурталдуу болуп саналат. АКШда акыркы он жылда кызматына байланыштуу жети журналист мерт болушкан. (BuS)

XS
SM
MD
LG