Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 07:03

Бүгүн Петровка чатагы боюнча сот уланат


Кечээки соттук териштирүүдө көрсөтмө берген он беш күбө бул чатак боюнча айыпталып жаткандардын күнөөсүз экендигин айтышты. Алар бир ооздон тергөөдө берилген көрсөтмөлөрүнөн танып, тергөөчүлөрдүн ур-токмогунан улам кол коюп бергендигин билдиришти.
Петровка чатагы боюнча күбөлөрдүн көрсөтмө берүүсү бүгүн да уланат. Бул окуяга байланыштуу 320 киши күбө өтүүдө.
4 жашар кызды зордуктаган күрт улутундагы жигиттин жазасыз ээн-эркин басып жүргөнүнө кыжырданган петровкалыктар 26-апрелде айылдагы күрттөрдүн көчүп кетүүсүн талап кылып, тополоң болгон. Натыйжада бир нече күрттүн үйү жабыркаган. Бул ишке байланыштуу милиция БЭКтин мүчөсү “Жашылдар” партиясынын төрагасы Эркин Бөлөкбаевди, жергиликтүү укук коргоочулар Сапар Аргынбаев менен Уран Рыскуловду “баш-аламандык уюштурган” деген айып менен 27-апрель күнү камакка алган. Петровка чатагына негиз берген деген себептүү президенттин көрсөтмөсү менен Москва районунун акими, прокурору жана милиция башчысы кызматтан алынган. Ал эми 4 жашар кызды зордуктаган күрт улутундагы А. Осмонов Москва райондук соту тарабынан 20 жылга кесилген.(ZKo)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG