Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:46

Экс-коргоо министрдин орун басарлары кайталап көрсөтмө беришүүдө


«И. Исаковго байланыштуу коргоо министрлигинин иши каржы полициясы тарабынан текшерилген эмес,» деп билдирди экс-коргоо министри И. Исаковдун ошол кездеги орун басары Б. Югай кечээки соттук жараянда. Анын кайталап көрсөтмө берген учурда айтканы боюнча тергөөнүн материалдарына бул тууралуу «кагаз жүзүндө» гана киргизилген, иш жүзүндө текшерүү Аскердик прокуратура тарабынан гана болгон. Сот И. Исаковдун дагы бир орун басары Мырзали Бөрүбаевдин көрсөтмөсүн угуу үчүн соттук териштирүүнү бүгүнкүгө калтырган.
Белгилүү болгондой 11-январда Бишкек аскердик гарнизондук соту мурдагы коргоо министри И. Исаковду кызмат абалынан пайдаланып, министрликке тиешелүү батирди уулуна менчиктеп берген деген айып менен 8 жылга кесип, генерал-лейтенанттык чининен ажыраткан. Сотто И. Исаковдун уулу Руслан Исаковдун 1998-жылдан бери аскер офицери экендиги, батир И. Исаков министр кезинде эле кайра мамлекетке кайтырылып берилгени эске алынган эмес.(ZKo)

XS
SM
MD
LG