Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:19

Өзбекстан кыргызстандык жарандардын кирүүсүнө чектөө койду


Кечээтен тартып Өзбекстанга бара жаткан кыргызстандык жарандардын аракети ишке ашпай жатат. Өзбек чек арачылары муну кыргызстандык жарандар үч айда бир жолу гана Өзбекстанга кире алат деген жаңы жобонун киргизилүүсү менен түшүндүрүшкөн. Бул маалыматты КР чек ара кызматынын басма сөз катчысы Салкын Абдыкарыева да тастыктады. Анын «Азаттыкка» билдиргени боюнча мындай кадамы тууралуу өзбек тараптан расмий билдирүү болгон эмес:

-Алар «ооба, бизде ушундай бар» деп айтып атышат. Бирок эмне үчүн алар мындайга барып жатканын бизге түшүндүрүшкөн жок. Жана бул тууралуу эч кандай расмий кагазды жиберишкен жок.

-КР чек ара кызматынын маалымат катчысы Салкын Абдыкариеванын айтуусунда бул маселе боюнча эки-тараптуу сүйлөшүүлөр жүргүзүлөт.(ZKo)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG