Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:11

Өзбекстан Кыргызстанга газ берүүнү толук токтоткону айтылууда


Өзбекстан карыз төлөнмөйүнчө Кыргызстанга көгүлтүр от берүүнү кечээтен тартып толугу менен үзөрүн эскерткенин кечээ кечке жуук “Кыргыз Газ” ишканасынын жетекчиси Саламат Айтикеев маалымат каражаттарына билдирген. Ошондой эле “Кыргыз Газ” айрым ири кардарларын газдан башка отунга өтүүсүн өтүнгөнү тууралуу маалымат да айтылууда. Мындай кабарларды ишкана жетекчилигинен тактоого азырынча мүмкүн болгон жок.
Өзбекстан кычыраган кыш күнүндө карыз себеби менен газды бууп коюуну бир нече жылдан бери адат кылып келүүдө.(ZKo)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG