Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:53

Депутаттар прокуратурага газ тармагын текшерүүнү тапшырды


Жогорку Кеңештин бир катар депутаттары газ маселесиндеги оор кырдаалды сезбегени үчүн “Кыргызгаздын” жетекчилерин жоопкерчиликке тартууну токтом долбооруна киргизүүнү сунушташты. Депутат Николай Байло “Кыргызгаздын” жетекчилеринин ар биринин жеке жоопкерчилиги, алардын аракеттерине жана аракетсиз мамилеси боюнча Башкы прокуратура карап чыгуусу керектигин айтты.

Депутаттардын сунуштары эске алынып, Жогорку Кеңеш өкмөткө өлкө аймагын газ менен толук камсыз кылууну жана “Кыргызгазга” Өзбекстанга карызын жоюуга 4,5 миллион доллар өлчөмүндө акчалай жардам берүүнү тапшырып токтомдун долбоорун кабыл алды.

Бүгүн парламентте Энергетика министри Ильяс Давыдов менен “Кыргызгаз” ачык акционердик коомунун башкы директору Саламат Айтикеевдин «Калкты жаратылыш газы менен камсыз кылуунун абалы жөнүндө» баяндамасы угулуп, анда газ тармагындагы учурда түзлгөн оор кырдаал кызуу талкууланды. (AJ)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG