Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:23

И.Өмүркулов: Кошуналарга суу берүүнү чектөө керек


Мындай сунушту бүгүн СДП фракциясынын мүчөсү Иса Өмүркулов газ маселесин талкуулаган парламент сессиясында берди. Депутат кошуна мамлекеттерге суу берүүнү жай учурунда кыскартуу аркылуу Кыргызстан өзүнүн кубатын көрсөтүшү керек деп эсептейт. Талкууда депутаттар ошондой эле газдан көз карандысыздыгын камсыздоо камын көрүүнү, анын альтернативдүү жолун табууну, техникалык жоготууну азайтууну да сунуш кылды.

“Узтрансгаз” 11-февралдын кечинен баштап Кыргызстанды газ менен жабдууну чектеди. Мындай чектөө “Кыргызгаз” карызды толук төлөмөйүнчө уланмакчы. Энергетика министри Ильяс Давыдовдун парламентте билдиргенине караганда Кыргызстан Өзбекстанга 5,2 миллион доллар карыз. Быйыл Кыргызстан кошуна өлкөдөн газды 1 миң куб метрине 220 доллардан сатып алууда. (BuS)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG