Бул тууралуу 2008-жылы 24-августта “Манас” аэропортуна жакын жерде кыйраган учакта жабырлануучулар жана алардын жактоочулары бүгүн маалымат жыйынында билдиришти. Алардын айтымында, аба кырсык боюнча Башкы прокуратура тарабынан тергеп-иликтөө иштери үсүтүртөдөн жүргүзүлүп, сот органдары өздөрүнүн кудуретсиздигин көрсөткөн.
Жабырлануучу Тургунбек Молдобаев бул маселени тыкат иликтеп, күнөөлүүлөрдү жоопко тартуу боюнча премьер-министрге жана Транспорт министрлигине кайрылышканын, бирок алар тоотпой коюшканын белгиледи.
Өткөн жылы 28-декабрда Бишкектин Биринчи Май райондук соту Боинг-737 учагынын эки учкучун Кылмыш кодексинин 208-беренеси боюнча күнөөлүү деп тааап, биринчи учкуч Юрий Гончаровду 5 жыл 2 айга, экинчи учкуч Тимофей Водолагинди 5 жылга жатак абакка (колония-поселение) кескен. Ал эми «Итек эйр» жана «Асман эйр» компанияларынан моралдык жана материалдык зыян үчүн компенсация өндүрүп алуу боюнча 19 жарандын доо арызын караган эмес.
Бишкек-Тегеран багыты боюнча учкан "Итек-эйр" абакомпаниясына тиешелүү Боинг-737 былтыр 24-августта "Манас" аба майданын көтөрүлгөндөн көп өтпөй Жаңы-Жер айылынын жака белине кулап, күйүп кеткен эле. Кырсыктан учактагы 65 адам каза болгон. (AJ)