Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:43

И.Исаковго байланыштуу иш каралууда


Бүгүн Аскер сотунда мурдагы Коргоо министри Исмаил Исаков көрсөтмө берип, ага коюлуп жаткан айыптар негизсиз экендигин, күнөөсү жоктугун билдирди. Анын жактоочусу Азимбек Бекназаров И.Исаков министр болуп турганда уулуна берген батир боюнча Каржы полициясы чынында эле текшерүү жүргүзсө, анын жыйынтыгы тууралуу документтерди көрсөтүүнү соттон өтүндү. Сот бул маселени тактап жооп берерин айтып, кеңешүүгө чыкты. (AJ)

XS
SM
MD
LG