Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:14

Аскердик сотто И. Исаковго байланыштуу соттук териштирүү улантылды


Анда көрсөтмө берген айыпталуучу Исаков өзүн күнөөсүз экендигин билдирип, темир тордо отурушу саясий буйрук экенин билдирди. Ал эми адвокат Азимбек Бекназаров гарнизондук соттун судьясы Серик Абиевдин Исмаил Исаковду сегиз жылга кескен өкүмү негизденген финансы полициясынын текшерүүсү тууралуу документтерди алып чыгууну соттон суранды. Бирок соттор эки саатка жакын убакытка созулган кеңешүүдөн кийин адвокаттын талабын аткаруудан баш тартышты. Белгилүү болгондой судья Абиев финансы полициясы текшергенден кийин гана Тимирязов көчөсүндөгү квартира мамлетке кайтарылган деп өкүмүндө белгилеген. Ал эми Исмаил Исаков жана ал кездеги анын орун басарлары генералдар Орузбаев, Югай жана Бөрүбаевдер квартира Исаковдун буйругу менен кайтарылып, Руслан Исаковдун наамына квартираны жазып койгону үчүн Югай сөгүш алганын билдиришти. (AiT)

XS
SM
MD
LG