Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:43

Ванкувер шаарында кышкы Олимпиада оюндары ачылат


Бүгүн кечинде Канаданын Ванкувер шаарында кышкы Олимпиада оюндары ачылат. Калифорния штатынын губернатору, белгилүү актер Арнольд Шварцнеггер жана бир нече атактуу спорстмен Олимпиада отун улам бирине өткөрүп, 55 миң кишилик Би-Си Плейс стадионундагы ачылыш аземине жеткиришет. Олимпиада комитети азыркыга дейре 30 спортсмендин канынан шектүү допинг табылып, оюндан чыгарылганын маалымдады. Миңдеген канадалыктар Олимпиаданын ачылышына күбө болуш үчүн стадионду тегерете эртелей чогулуп жатканы кабарланууда. 80ден ашуун өлкөдөн барган 5000дей спортсмен катыша турган кышкы Олимпиадалык мелдештер 17 күнгө созулат.

XS
SM
MD
LG