Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:29

Кытай Обама-Далай Лама жолугушуу планына каршы


Кытай АКШдан Барак Обама-Далай Лама жолугушуу планын жокко чыгарууну талап кылды. Шинхуа кабар агенттиги маалымдагандай, Кытайдын тышкы иштер министрлиги Вашингтон эмки жумага белгилеген президент Обаманын Тибеттин сүргүндөгү руханий лидери Далай Лама менен жолугушуусуна расмий каршылык билдирди. 18-февралга пландаштырылган ал жолугушуу боло турган болсо, ансыз да салкындай түшкөн Кытай-АКШ алакаларына зыян келтирет, деп эскертилет Бэйжиндин билдирүүсүндө. Жакында Кытай АКШнын Тайванга курал сатуу планына каршылык билдирип, эки өлкө ортосунда соода-сатык боюнча кызуу талкуу жүрүп жаткан кез.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG