Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:43

Алайда генералдын жактоочулары пикетте турушту


Исмаил Исаковду коргоо боюнча Алайдагы комитеттин төрагасы Айтпай Жээналиевдин “Азаттыкка” кабарлашынча, жүзгө чукул киши “Исаковдун актыгына ишенебиз!”, “Генералга – боштондук!” деген плакаттарды көтөрүп, райондук бийликтин алдында алты сааттан ашык турушту. Аларга аким Алмазбек Осмонов, райондун прокурору Таалай Абдиваитов жолукту. Аймактын жетекчиси пикетчилердин аракеттери мыйзамсыз экендигин, алардын генерал Исаковдон тышкары Петровка, Балыкчы маселелерин козгоого, ошондой эле президентти кызматтан кетирүү талабын коюуга акысы жок экендигин эскертти. Айтпай Жээналиевдин айтымында, Исмаил Исаковду аскер соту толук актамайынча, генералдын таламдаштары райакимчиликтин алдында күн сайын нааразылык акциясын улантышмакчы. Райондун прокурору Таалай Абдиваитов нааразычылык акциясынын катышуучулары азырынча мыйзамды буза электигин, ошондуктан аларга эскертүү берилбегендигин ырастады. (ATo)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG