Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:38

12-февралда Жогорку Кеңеш "Конституцияга өзгөртүү киргизүү жөнүндөгү" мыйзам долбоорун биринчи окулушта кабыл алды. Президент Курманбек Бакиевдин демилгеси менен өзгөртүлүп жаткан Баш мыйзамдын өзөгүн президенттин убактылуу милдетин аткаруучу тарапты аныктоо түзүүдө.

Президент Курманбек Бакиев башкаруу реформасынын алкагында Баш мыйзамдын сегиз беренесине (46, 52, 58, 68, 69, 72, 73,74 – беренелерге) өзгөртүү киргизип жатат. Азыр иштеп жаткан Баш мыйзамдагы бул беренелерден Мамлекеттик катчы, Президенттик администрация, Коопсуздук Кеңеш түзүмдөрү алынып салынды. Алардын ордуна Президент Президенттик Кеңешме баштаган башка мамлекеттик органдарды түзүп, алардын ыйгарым укуктарын аныктамай болду. Мындан тышкары Улуттук Гвардия жоюлуп, анын милдеттери Мамлекеттик күзөт кызматына жүктөлдү. Мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерге мамлекеттик чендерди ыйгаруу милдети алынып салынды.


Өзгөртүлгөн жоболордун ичинен айрыкча саясий чөйрөдө бүйүр кызыткан талкууну президенттин убактылуу милдетин аткаруу жөнүндөгү 52-берене жаратууда. 52-беренеде президенттин ыйгарым укуктарын аткара албай калган шартта анын милдетин убактылуу аткарчу адамды Мамлекеттик Кеңеш аныктайт деп өзгөртүлдү.
Азыркы иштеп жаткан баш мыйзамдын бул жобосу боюнча президенттин милдетин убактылуу Жогорку Кеңештин төрагасы, ал аткара албай калган шартта Премьер-министр аткарат деп жазылган. Жаңы өзгөртүүнүн жайын парламент сессиясында президенттин атынан маалымат берген Юстиция министри Курмантай Абдиев түшүндүрдү:


- Төрага өзүнүн укуктарына президенттин укуктары кошулганда тең салмактуулукту жоготот, дисбаланска алып келет деген ой болгон. Бул биринчи жагдай. Экинчи жагдай, негизгиси, Мамлекеттик Кеңеш тарабынан президенттин убактылуу милдетин аткаруучу адамды аныктоо азыр кыйла демократиялуу формада болуп атат дагы, тандап алуу мүмкүнчүлүгү кеңири болуп атат.

Президент Курманбек Бакиевдин алгачкы долбоорунда президенттин милдетин убактылуу аткаруучу адамды Президенттик Кеңешме аныктайт деп көрсөтүлгөн. Анын тутумунда Жогорку Кеңештин төрагасы, Премьер-министр, Президенттин аппарат башчысы, Катчылыктын башчысы, Өнүктүрүү, инновациялар жана инвестициялар боюнча Борбордук агенттиктин башчысы, Президенттин Коопсуздук, коргонуу, тартип боюнча мамлекеттик кеңешчиси, Тышкы иштер боюнча мамлекеттик министр кирип, анын башында президент Курманбек Бакиев турат. Бирок Конституциялык Сот Президенттик Кеңешме конституциялык эмес, кеңеш берүүчү орган болгондуктан, президенттин убактылуу милдетин аткаруучуну аныктай албайт деген бүтүмүн берген. Натыйжада аталган жобо президенттин убактылуу милдетин аткаруучу адамды тутумуна Президенттик Кеңешменин мүчөлөрү кирген, сегиз кишиден турган Мамлекеттик Кеңеш аткарат деп алмаштырылган.

Мындай өзгөрүү азыр парламенттеги социал-демократтарды дегеле ынандырган жери жок. Ага жараша жума күнкү талкууда оппозициячыл депутаттар долбоорду ар тараптан сындашты. Депутат Иса Өмүркулов 2005-жылкы жагдай түзүлбөсүнө, сегиз кишинин баары бир учурда бир жерге топтолоруна эч ким кепилдик бере албайт деп, ар бирин Конституцияга тактап жазуу керек деп эсептеди. Мындай сунушту депутат Дамира Ниязалиева кубаттады:

- Эмне үчүн Президенттик Кеңешмеге кирген конкреттүү тараптарды жазууга болбойт? Себеби өзөгүн ошол түзөт. Көпчүлүк добуш менен кабыл алынып аткандан кийин президенттик кеңешме көп добушту алат.

Социал-демократтардын лидери Роза Отунбаева жобону чукул киргизүүгө эч кандай негиз жоктугун белгилеп, бул элде ар кыл жоромолдорду жаратып жатат деди:

- Момундай атайын түзүлгөн конструкция өлкөдөгү кайсы учурга ылайыкталып атканы түшүнүксүз. Силер сегизи тең качып кетсе эмне болот деп атасыңар. Эгер төрттөн тирешип, президенти алып салуу үчүн топтошуп туруп алсачы. Биз эмне үчүн мамкеңештин ичиндеги кландардын кызыкчылыктарынын барымтасында калышыбыз керек?

Парламенттеги социал-демократтардын көз карашын азыр Бириккен элдик кыймылдын курамындагы оппозиция да толук колдоп жатат. Оппозиция президенттин убактылуу милдетин бардык башка өнүккөн өлкөлөрдөгүдөй эле эл шайлаган адам, Парламент төрагасы аткарышын каалайт.
Ал эми азыркы түзүм оппозицияда бири-бирин кайталаган, кандайдыр бир кызыкчылыктар үчүн даярдалган жасалма түзүм катары бааланууда. Жогорку Кеңештин мыйзам чыгаруу жыйынын мурдагы төрагасы, БЭКтин мүчөсү Мукар Чолпонбаев бул өзгөрүү бийлик башындагылардын жеке кызыкчылыктарынан келип чыгып жатканын белгиледи.
Мындай сын-пикирлер өз кезегинде президентти жактаган саясий күчтөрдө кылдан кыйкым табуу катары бааланып, Конституциялык өзгөрүүнү замандын талабы экени белгиленүүдө. Мындай пикирин парламент сессиясында “Ак жол” фракциясынын лидери Улукбек Ормонов айтып чыкты:
- Оппозиция конструктивдүү болушу керек. Мен бу жерин түшүнбөй атам, бу кандай эле деген суроолордун бардыгы жумурткада кыр бар эле ошону таппай атам дегендей мааниге алып келип атат. Оппозиция болгондо эле сөзсүз биз сындашыбыз керек, сөзсүз каршы болуп турушубуз керек деген ойдон алыс болуп, өлкөбүздүн өнүгүшү, элдин биримдиги үчүн чогуу болсок жакшы болот эле.

Ошентип Жогорку Кеңештин сессиясы Конституцияга өзгөртүү киргизүү жөнүндөгү мыйзам долбоорун биринчи окулушта кабыл алды. Экинчи окулушуна парламент эми үч айлык тыныгуудан кийин кайтып келмекчи. Конституцияда көрсөтүлгөн жобого ылайык Баш мыйзамга өзгөртүү парламентте депутаттардын жалпы санынын кеминде үчтөн экисинен көпчүлүгүнүн добушу аркылуу киргизилет. Азыркы Жогорку Кеңеште парламенттик көпчүлүктү президент Курманбек Бакиев негиздеген “Ак жол” фракциясынын депутаттары түзөт.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG