Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:44

Алайда генералдын жактоочулары митингди улантат


Мурдагы коргоо министри Исмаил Исаковдун Алайдагы тарапкерлери 15-февралда райондун борбору Гүлчөдө акимчиликтин алдында митингин улантат. Бул тууралуу “Азаттыкка” И.Исаковду коргоо комитетинин өкүлү Таалай Зикиров кабарлады. “Соттун бүтпөй, узартылып жатканына эл нааразы болуп, дүйшөмбү күнү да райондун акимчилигинин алдына чогулабыз деп жатат. Активисттер эгер жакшы чечим чыкпаса, башка кадамдарды жасап, элди көтөрөбүз деп айтышууда. Ал эми акимчилик тарабынан айрым айылдарды кыдырып, митингге чыкпоого үндөп, ал үчүн жооп берип калышы мүмкүн экенин айтып жатат” дейт Т.Зикиров. Анын айтымында, учурда И.Исаковдун камалышына нааразылыгын билдирип, аларга кошулчу адамдардын саны да көбөйүүдө.

Кечээ Аскер сотунда И.Исаковго байланыштуу ишти кароо улантылган. Анда И.Исаков өзүн күнөөсүз экендигин билдирип, муну саясий буйрук катары баалаган. Сот иши 15-февралда да улантылат. (КЕ)

XS
SM
MD
LG