Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:24

Гүлчөдө И.Исаковду коргоо комитети пикет өткөрөт


Эртең Алай райондук борбору Гүлчөдө генерал Исмаил Исаковду коргоо комитети пикет өткөрөт. Бул тууралуу “Азаттыкка” комитет мүчөсү Ормонбек Токобаев билдирди. Анын айтымында, ушул тапта Гүлчөдө ири митинг өткөрүүгө даярдыктар жүрүп жатат. Мурда И.Исаковду коргоо комитети камактагы генералды бошотууну суранып келсе, эми алар бийликтен И.Исаковду гана эмес Петровка, Балыкчы окуялары боюнча камалгандарды да бошотууну, андан тышкары саясий куугунтуктарды токтотууну, элдик байлыктарды талап-тоногондордун жазаланышын, президенттин кызматтан кетишин талап кылышмакчы. Пландалып аткан митинг атчандардын коштоосунда болмокчу.

Бийлик өкүлдөрү өз кезегинде алайлыктарга эскертүүлөрдү беришип, митинг-пикеттерди уюштуруу менен мыйзамдарды бузбоого чакырышууда. (IJz)

XS
SM
MD
LG