Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:34

Байланыш акыны көтөрүү боюнча мыйзам долбоор даярдалып жатат


Маалымат агенттигинин жетекчи орун басары Чыңгыз Бекташев бул тууралуу бүгүн парламентте социал-демократтар фракциясынын жыйынында билдирди. Ал мыйзам долбоорго ылайык, үч түрдүү баа болот. Социалдык аялуу катмарга жеңилдик берилип бул топ айына төрт жүз мүнөткө чейин акысыз сүйлөшө алат. Андан ашса жаңы баа менен төлөшмөкчү. Жаңы тарифтер секундасына жараша эсептелет. Ч. Бекташевдин маалымдашынча, буга чейин шаар ичиндеги сүйлөшүүлөрдүн чыгымы эл аралык башка сүйлөшүүлөрдүн эсебинен жабылып келген. Мындай сүйлөшүүлөрдөн 2007-жылы төрт жүз миллион сомдой, 2008-жылы эки жүз миллион сомдой түшкөн. 2003-жылы кыргыз өкмөтү байланыш акыны жөнгө салуу боюнча атайын токтом кабыл алган. Тарифтерди көтөрүү маселеси 2008-жылда тарта көтөрүлүп жатат, дейт Ч. Бекташев. (EBM)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG