Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:23

Адам укуктарын бузган чиновниктердин аты-жөнү аталат


Бул тууралуу акыйкатчы Турсунбек Акун бүгүн маалымат жыйынында билдирип, Ноокат, Петровка, Балыкчыдагы окуяларга салыштырмалуу өлкөдө атуулдардын укугун коргоо боюнча укуктук система дагы эле натыйжасыз болуп жатканын белгиледи. Анын айтымында, Акыйкатчы институтуна негизинен үй-бүлөлүк зомбулук, балдардын укугунун бузулушу, жеке менчик укугу жана социалдык маселелер боюнча көп кайрылышат. Ал ошондой эле быйыл Акыйкатчы институтуна эл аралык уюмдар 828 миң АКШ доллар грант катары бөлө тургандыгын кошумчалады. Маалыматтарга караганда, 16-февралда Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдуулук, мамлекеттик түзүлүш жана адам укуктары боюнча комитетинде акыйкатчынын жылдык баяндамасын угуу пландаштырылган. (AJ)

XS
SM
MD
LG