Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:58

Баткендик мугалим Франциянын ордени менен сыйланат


Баткендик француз тил мугалими Исломидин Азимовду эл агартуу тармагына кошкон салымы үчүн Француз академиясынын ордени менен сыйлоо аземи бүгүн кечинде Кино үйүндө өтөт. Бул тууралуу “Азаттыкка” Кыргызстандагы француз элчилигинин өкүлү Шарлотта Урбен билдирди. И. Азимов Баткен облусундагы Халмион айылындагы Токтогул атындагы мектепте кырк жылдан ашуун убактан бери сабак берет. Анын бир катар окуучулары француз тили боюнча республикалык олимпиадаларда ийгиликтерге жетишкен. (EBM)

XS
SM
MD
LG