Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 17:12

Укуктук борбор депутаттарды Конституцияны бузбоого чакырды


“Жарандык коом коррупцияга каршы” укуктук борбору Жогорку Кеңеш тарабынан биринчи окууда кабыл алынган президент Курманбек Бакиевдин демилгеси менен өзгөртүүлөр киргизилген Конституциянын долбоору, атуулдардын саясий укугуна коркунуч туудурган, бир ууч топтун бийликти узурпация кыла турган саясий коррупциясы катары эсептейт. Мындай өзгөчө пикирин аталган укуктук борбор бүгүн таратты. “Жарандык коом коррупцияга каршы” уюму Жогорку Кеңешти Конституцияны бузбоого, аталган долбоорду мындан ары карабоого чакырды.
Ал эми парламенттеги “Ак жол” фракциясы Конституцияга өзгөртүү киргизүү боюнча президенттин демилгесин колдоп, өткөн аптада долбоорду биринчи окууда кабыл алып берген. (AJ)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG