Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 06:39

Ооганстанда согушкерлерге каршы операция уланууда


НАТО жетектеген күчтөр жана ооган армиясы Хелманд чөлкөмүндө талиптерге каршы ири операциясын улантып, согушкерлердин таянычы болуп эсептелген Маржах шаарчасын көзөмөлгө алышты. Британиялык майор Майк Тэйлордун айтымында, аскерлер чектелүү гана каршылыкка туш болушууда. Операцияга бардыгы болуп 15 миңдей жоокер тартылган. Жекшембиде НАТОнун ракеталары Маржахтагы турак жайга тийип, бейкүнөө 12 адам каза тапкан. Түндүк Альянстын жетекчилиги кырсык үчүн кечирим сурады. Ооган президенти Хамид Карзай эларалык күчтөрдү карапайым тургундар арасындагы жоготууларды болтурбоого үндөдү.

XS
SM
MD
LG