Россиялык адам укугун коргоочулар өткөн аптада Ингушетияда өткөрүлгөн анти-террордук операция учурунда төрт жаранга кокусунан ок жаңылды деген ырасмий маалыматка ишенишпейт. “Мемориал” уюмунун өкүлү Александр Черкасовдун билдиришинче, аларда береги төрт киши адегенде уурдалып, кыйналып, андан соң өлтүрүлгөнүн ырастаган сүрөттөр бар. Ырасмий бийликтер буга байланыштуу түшүндүрмөсүн бере элек.