Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:06

Бүгүн Башкы прокурор “Ак жол” фракциясында баяндама жасайт


Жогорку Кеңештин маалымат кызматынан кабарлоосуна караганда, башкы прокурор Нурлан Турсункулов 15-февралда Социал-демократиялык фракциянын жыйынында өткөн жылдагы иши боюнча маалымат берди. Бүгүн эми “Ак жол” фракциясында маалымат берет. Социал-демократиялык фракциянын жыйынында депутат Ирини Карамушкина сегиз жылга кесилген Исмаил Исаковдун мисалында, ушул кезге чейин Жогорку Кеңештин мурунку сегиз депутаты кызматтык квартираларды мыйзамсыз менчиктештирип алганын айтып, ага укуктук баа берүүнү талап кылды. Турсункулов бул иш менен тааныш эместигин билдирген.(AiT)

XS
SM
MD
LG