Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:05

Жарандык коом Башмыйзамдын өзгөртүлүшүнө каршы


“Кыргызстанда жогорку бийлик менен парламент жарандардын саясий укугун коркунучка кептөө менен бийликти бир ууч кишинин колуна өткөрүп берүүнүн алдында турат”. Мындай пикирдеги билдирүүнү “Жарандар коррупцияга каршы” коомдук уюму таратты. Билдирүү ээлери Башмыйзамга президент К. Бакиевдин демилгеси менен парламент тарабынан киргизилип жаткан өзгөртүү жарандардын “шайлоого жана шайланууга” болгон укугун бузат деп эсептешет. Алардын билдиргени боюнча “президенттин милдетин аткаруучу” президент ээ болгон ыйгарым укуктарга ээ боло албайт. “Президенттик же Мамлекеттик кеңеш тарабынан көрсөтүлгөн президенттин милдетин аткаруучу сөзсүз түрдө кийинчирээк президенттик шайлоого катышат жана албетте утуп чыгат, муну менен Мамлекеттик кеңеш убактылуу түрдө чексиз бийликке ээ болуп, өздөрү каалаган киши мамлекет башына келүүсүнө аракет кылат” деп жазылган билдирүүдө. Алар парламенттин депутаттарын Башмыйзамга өзгөртүү киргизүү маселесин кароодон баш тартууга чакырышкан.

Башмыйзамдын 52-беренесине өзгөртүү киргизүү демилгеси президент К. Бакиев тарабынан көтөрүлүп, ЖКке сунушталган. ЖК буга корутундусун берүү өтүнүчү менен Конституциялык Сотко кайрылган болчу. Консот корутундусунда Башмыйзамдын 52-беренесиндеги “президент өз ыйгарым укуктарын аткара албай калган учурда анын милдетин аткаруучу кишини Президенттик кеңешме аныктайт” деп өзгөртүлгөн жобону “Мамлекеттик кеңеш” кылып өзгөртүү сунушун берген. (ZKo)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG