Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:53

Жаштар парламентинин делегаттары ЖК иши менен таанышат


16-18-февралда Ош шаарынын Жаштар парламентинин делегаттары Жогорку Кеңештин иши менен таанышат. Жаштардын өкүлдөрү парламенттин жыйынынын жүрүшүнө, профилдик комитеттердин ишине байкоо салууга мүмкүнчүлүк алышып, депутаттар менен жолугушат. “Жаштар парламенти” долбоорунун негизги максаты өлкөнүн демократиялык, социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө жаштардын мүмкүнүчүлүгүн натыйжалуу пайдаланууга шарт түзүү. Жаштар парламенти Ош шаарынын жаштарынын кызыкчылыктарын көрсөтүүчү биринчи коллегиалдык орган болуп эсептелип, делегаттар шаардагы 7 жогорку окуу жайларынын студенттеринин добушу менен шайланышат. (AJ)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG