Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:49

Бишкекте мектеп окуучуларына жардам берүүчү борбор ачылды


Мектептеги рэкетчилик, уруп-сабоо жана башка кыйынчылыктарга кабылган балдар, алардын ата-энелери жана мугалимдер мындан ары мына ушул борборго кайрыла алышат. Бишкектеги билим берүү башкармалыгынын жетекчиси Гүлмира Кудайбердиеванын айтуусунда, мектеп окуучуларына жардам берүүчү борбордо ишеним телефондору иштейт, ал аркылуу кайрылгандарга моралдык-психологиялык жактан көмөк көрсөтүшөт. Аталган борбордун бүгүн болгон ачылышында айтылган маалыматтар боюнча Бишкектеги мектеп окуучуларынын 20% жакыр үй-бүлөлөрдүн балдары. Ал эми шаар боюнча ар кандай ээнбаштыктар үчүн 188 бала жашы жетелектер менен иштөөчү инспекциянын каттоосуна алынган. Ал эми мектептердин ички “кара тизмелерине” 623 бала тартипти бузгандыгы үчүн киргизилген.

Өткөн жылдары мектептеги рэкетчиликтин айынан бир нече бала каза таап, Бишкектеги олимпиадалык резерв мектеби менен №38 орто мектептин окуучуларынын ортосунда чоң чатак чыккан. (ZKo)

XS
SM
MD
LG