Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:28

Т.Акун: Тынч жыйындарды өткөрүү эл аралык талаптарга жооп бербейт


Акыйкатчы Турсунбек Акун Кыргызстандагы “Атуулдардын тынч жыйындары жөнүндө” мыйзам эл аралык талаптарга жооп бербестигин бүгүн Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдуулук, мамлекеттик түзүлүш жана адам укуктары боюнча комитеттин отурумунда билдирди. Анын айтымында, азыркы мыйзам өлкөдө туруктуулукту камсыз кылуу үчүн иштелип чыкканы менен эл аралык уюмдардын сынына кабылып, көптөгөн атуулдардын нааразылыгын жаратууда. Ал ошондой эле “Атуулдардын тынч жыйындары жөнүндө” мыйзамдын жаңы долбооруна өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилип, эл аралык эрежелерге жооп бере тургандай иштелип чыкканын белгилеп, кийинчерек бул документти Жогорку Кеңештин колдоп берүүсүн өтүндү.
Укук коргоочу Азиза Абдырасулова "Тынч жыйындар жөнүндө" мыйзам долбоору жумушчу топ тарабынан иштелип чыкканын, анда адамдардын укуктарына кеңири орун берилгенин, Акыйкатчынын отчету парламентте каралгандан кийин аталган мыйзам долбоорун Жогорку Кеңешке жолдошорун айтты. (AJ)

XS
SM
MD
LG