Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:04

И. Исаковдун ишин карап жаткан сот адвокаттын бир өтүнүчүн канааттандырды


Республикалык аскер сотунун cудьясы Тилек Абдрашитов адвокат Азимбек Бекназаровдун И. Исаковдун ишине байланыштуу каржы полициясынын өкүлүн чакыруу тууралуу өтүнүчүнө макулдугун берди. Адвокаттын белгилөөсү боюнча каржы полициясынын Өмүрзаков аттуу кызматкери И. Исаковдун уулуна берилген деп айтылып жаткан 2 бөлмөлүү батир боюнча текшерүү жүргүзгөн деп кылмыш ишине тиркелген. Ушул тапта соттун катышуучулары Өмүрзаковдун келишин күтүп жатышат. Адвокаттын ошондой эле мурдагы, азыркы Башпрокурорлорду чакырып, көрсөтмө бердиришин сураган өтүнүчү четке кагылып, канааттандырылган жок.
11-январда Бишкек аскердик гарнизондук соту мурдагы коргоо министри И. Исаковду министрликке тиешелүү батирди 8 жылдан бери аскер офицери болуп иштеген уулуна берип койгон деген айып менен генерал-лейтенанттык чининен ажыратып, 8 жылга кескен. Сотто ал батирдин И. Исаков министр болуп турган тушта эле кайра мамлекетке кайтарылганы эске алынган эмес. Генерал И. Исаков УККнын убактылуу абагына сот залынан камакка алынган.
Мурдагы коргоо министри, Коопсуздук кеңешинин мурунку катчысы И. Исаковго 2008-жылы декабрь айында Башкы прокуратура тарабынан кылмыш иши ал президент К. Бакиевдин башкаруу саясаты менен макул эместигин билдирип, кызматынан өз эрки менен баш тарткандан кийин козголгон.(ZKo)

XS
SM
MD
LG