Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 07:05

Кыргыздын биринчи тышкы иштер эл комиссары дүйнө салды


Кыргыз ССРнин тышкы иштери боюнча биринчи эл комиссары Казы Дикамбаев 97 жаш курагында каза болду. Казы Дикамбаев 1913-жылы Жети-Суу облусунун Пржевальск уездине, азыркы Ысык-Көл облусунун Түп районуна караштуу Талды-Суу айылында дыйкандын үй-бүлөсүндө жарык дүйнөгө келген.
Ашхабад шаарында институтка даярдоо курсунда окуп, басмачыларды жок кылууга катышкан. 1937-жылы Ташкентте Орто Азиянын экономкиалык-пландоо институтун аяктаган. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик пландоодо башкы экономист, төрага орун басары, Фрунзе облпланынын төрагасы болуп иштеген. 1944-жылы СССРдин Тышкы иштер министрлигинде стажировкадан өтүп, 1944-жылдын июль айынан 1949-жылдын 27-майына чейин Кыргыз ССРнин тышкы иштер министрлигинин биринчи эл комиссары болуп эмгектенген.
Кийинчерек Кыргыз ССРнин министрлер кеңешинин төрага орун басары, Өнөр жай жана курулуш министри, Кыргызстан компартиясынын Борбордук комитетинде өнөр жай жана курулуш боюнча катчы, 1958-жылдан 1961-жылга чейин министрлер кеңешинин төрагасы болуп иштеген. 1940-жылы СССР Жогорку Кеңешинин 1-4-чакырылышына депутат болуп шайланган. 1986-жылы пенсияга чыккан. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти. (AJ)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG