Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:19

Пакистанда Талибан жетекчилеринин бири кармалды


АКШ жана Пакистан расмий адамдарынын маалыматына ылайык, Талибандын жогорку кол башчыларынын бири кармалды. “Нью-Йорк таймс” гезитинин жазганына караганда, молдо Абдул Гани Барадар бир нече күн мурун Карачи шаарында жашыруун операция учурунда колго түшүрүлгөн. Ал азыр америкалык жана пакистандык чалгындоо кызматтары тарабынан суракка алынып жатат. Барадар Талибан жетекчилигинде кыймылдын түптөөчүсү молдо Омордон кийинки экинчи орунда турат. Талиптердин маалымат өкүлү Барадардын кармалганы тууралуу кабарды төгүнгө чыгарды. Анын айтымында, Барадар ушу тапта Ооганстанда топтун саясий жана аскерий иш-аракеттерин уюштуруу менен алектенүүдө.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG