Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:07

Иран Хиллари Клинтондун комментарийин айыптады


Тегеран АКШнын мамлекеттик катчысы Хиллари Клинтондун Иран “аскерий диактатурага" айланууда деген сөздөрүн айыптады. Иран тышкы иштер министри Манучер Моттаки Кошмо Штаттары өздөрү “аскерий диктатуранын бир түрүнө малынган”, Вашингтон Жакынкы Чыгышта “калпыс саясат” жүргүзүүдө деп билдирди. Клинтон дүйшөмбүдө Катардагы сапары маалында Ислам жумурияты аскерий диктатурага багыт алды деп айткан эле. Мамкатчы ушу тапта Перси булуңундагы өлкөлөрдү кыдырып, Иранга каршы жаңы санкция киргизүү демилгесине колдоо табууга аракеттенүүдө.

XS
SM
MD
LG