Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:18

Иран ар кандай жаңы санкцияга татыктуу жооп кайтарат


Президент Ахмадинежад кечээ Тегеранда уранды өлкөдөн тыш жакта байытуу боюнча эл аралык коомчулук менен сүйлөшүү жүрүп жатканын билдирди. Ал бирок кайсы өлкө Иранга каршы жаңы санкция киргизмек болсо, катуу жообун аларын эскертти. Атомдук энергия боюнча эл аралык агенттиктин (МАГАТЭ) арачылыгы менен сунуш кылынган планга жараша Иран жарды уранды чет өлкөгө байытууга жиберүүгө тийиш. Бирок өткөн аптада Тегеран уранды 20 проценттик деңгээлде байытуу башталганын билдирген.

XS
SM
MD
LG