Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:06

А.Саиповду аткан деп шектелген Расуловдун иши каралат


Ош шаардык сотунан билдиришкендей, 2007-жылдын 24-октябрында журналист Алишер Саиповду аткан деп шектелип, бир жылдан бери абакта жаткан Абдуфарит Расуловдун ишин кароо бүгүн улантылат. Териштирүүнүн жүрүшүндө айыпталуучу, окуянын күбөлөрү суракка алынары күтүлүүдө. Айыпталуучу Абдуфарит Расулов Алишер Саипов атылган күнү Ошто болбогондугун, муну бышыктай турган күбөлөр болгонун айтып, койулган айыптын бирин да мойнуна албай келатат. Буга дейре маркум журналисттин мыйзамдуу өкүлү, атасы Авас Саипов кылмыш иши аягына чейин тергелбегенин, Абдуфарит Расуловдун уулунун өлтүрүлүшүнө тиешеси болбогонун, окуянын чыныгы катышуучулары эч суракка алынбаганын белгилеп, ишти кайра тергөөгө жөнөтүүнү талап кылган. (ATo)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG