Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:36

Көк-Жаңгак окуясы боюнча үч соттун иши каралууда


Көк-Жаңгакта 8 жашар кыздын зордукталышынан кийинки чатактын чыгышына себеп берген окуяга байланыштуу Жалал-Абат облустук сотунун үч кызматкеринин иши боюнча Башкы прокуратура Соттор кеңешине кат жиберди. Бул тууралуу маалымдаган Баш прокурор Н. Турсункуловдун айтуусунда 8 жашар кызды зордуктаган күрт улутундагы жигитти эки жыл мурда жазасын жумшартып, эркиндикке чыгаруу тууралуу Жалал-Абат облустук сотунун чечимин жокко чыгаруу өтүнүчү да жогорку сот бутагына берилди. Ал эми секелекти зордуктаган жигиттин өзүн өмүр бою түрмөгө камоону прокуратура соттон өтүнгөн.
Быйыл январда сегиз жашар кызды зордуктаган деген шек менен кармалган Хамза Шоруев 2007-жылы Сузак райондук соту тарабынан зордуктоо статьясы менен 6 жылга түрмөгө кесилген. Кийин аны Жалал-Абад облустук соту жазасын эки жылга чейин азайтып, башкоргоо чарасын өзгөртүү менен эркиндикке чыгарган. Сегиз жашар кыздын зордукталышынан кийин Көк-Жаңгактагы эл күрт улутундагы адамдарды тез арада башка жакка көчүп кетүүсүн талап кылып, 2-февралда жыйын өткөрүшкөн. Жыйынга чакырылган жергиликтүү бийликтин, күч органдарынын эл менен сүйлөшүүсүнүн натыйжасында чатак андан ары ырбабай токтогон.(ZKo)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG