Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:12

“Түндүк электронун” 80,5% акциясы сатылды


«Түндүкэлектро» ишканасына таандык 776 873 392 нускадагы баалуу кагаз 133,3 млн. сомго сатылды. Бул кечээ Борбор Азиядагы Фонддук биржада катталды. Аталган фонддун сайтында жазылган маалымат боюнча баалуу кагаздардын ар бири 0,1716 сомдон сатылган.
“Түндүк электро” ишканасынын 81% акциясы “Чакан ГЭС” ишканасына 3 млн. долларга сатылганын январь айынын аягында мамлекеттик мүлк министрлиги маалымдаган. “Түндүкэлектро” ишканасынын жылдык кирешеси 56 млн. доллар болорун белгилеген айрым талдоочулар мамлекеттик стратегиялык ишкана болуп эсептелген “Түндүк электро” арзыбаган баага сатылганын айтып жатышат.(ZKo)

XS
SM
MD
LG