Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:06

Курултайга барар-барбасын оппозиция 17-мартта чечет


Бул тууралуу уюштуруу комитетинин төрайымы, БЭКтин мүчөсү, депутат Роза Отунбаева “Азаттыкка” берген интервьюсунда билдирди. Депутаттын айтымында 17-мартка белгиленген курултай БЭКтин алкагында эмес, жалпы Ынтымак курултайына макул эместердин өкүлдөрүнүн катышуусунда өтөт. Ага ар бир айыл өкмөтүнөн экиден киши, булардан тышкары бардык коомдук-саясий уюмдардын, расмий бийликтин, маданий ишмерлердин, студенттердин өкүлдөрү чакырылат. Курултай өткөрүү үчүн ижарага Спорт сарайы суралууда. Отунбаеванын билдиргенине караганда макул эместердин курултайында тарифтерге, стратегиялык объектилердин менчиктелишине, Конституциялык реформага жана саясий репрессияларга байланышкан төрт маселе талкууланат.
Бүгүн ынтымак курултайын уюштуруу комитети 23-марттагы курултайга оппозиция өкүлдөрүн да чакырган билдирүү таратты. (BuS)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG