Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:52

И. Исаковго байланыштуу Республикалык аскер соту эртең чечим чыгарышы мүмкүн


Адвокат Азимбек Бекназаровдун “Азаттыкка” билдиргени боюнча эртең сотто тараптар жарыш сөзгө чыгышат. Андан кийин соттун чечими чыгышы ыктымал.
Бүгүнкү соттук жараянда каржы полициясынын кызматкери И. Исаков коргоо министри болуп турган тушта 2 бөлмөлүү батирди уулуна берип койгон деген айып боюнча маалымат берип, бирок ага байланыштуу каржы полициясынын ошол убакта чыгарган чечимин көрсөтө алган жок. Ал сотто бүгүн көрсөтүлгөн документ жаңы эле даярдалганын айтып алып, адвокаттардын нааразылыгын туудурду. Аягында сот адвокаттарды жана айыптоочуларды жарыш сөзгө даярданууга чакырып, соттук териштирүүнү 18-февралга калтырды.
11-январда Бишкек аскердик гарнизондук соту мурдагы коргоо министри И. Исаковду 8 жылга кесип, генерал-лейтенанттык чининен ажыраткан. Буга макул болбогон адвокат А. Бекназаров жогорку сот бутагына –Республикалык аскер сотуна кайрылган. Республикалык аскер соту ишти кароону 10-февралда карап баштаган.(ZKo)

XS
SM
MD
LG