Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:37

Бишкек-Ош жолунун кооптуу аймактары көзөмөлдө


Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин атайын куткаруучу тобу күнү-түнү Бишкек-Ош кан жолунун 198-чакырымын көзөмөлгө алууда. Министрликтин басма сөз кызматынан “Азаттыкка” маалымдашкандай бул аймакта кар көчкү жүрүү коркунучу күч. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги бүгүн күн кескин жылыганына байланыштуу тоолуу аймактардагы кан жолдордо кар көчкү жүрүү коркунучу бардыгын да эскертип, жолго чыккан айдоочуларды аралыкты талап кылынган өлчөмдө -жарым чакырымдан кем эмес кармоого чакырууда.(ZKo)

XS
SM
MD
LG