Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:43

Исмаил Исаков: Президент К. Бакиев сотко келсин


Мындай сунушту мурдагы коргоо министри, оппозициядагы саясатчы Исмаил Исаков бүгүн түшкө чейинки сот отурумунда берди. Исаковдун билдиргенине караганда мамлекеттин карамагындагы батирди мыйзамсыз алып алгандыгы боюнча кылмыш иши экинчи ирет козголуп отурат. Биринчи жолку козголгон бул ишти курамында кылмыш жок деген негиз менен ошол кездеги башкы прокурор Элмурза Сатыбалдиев жана ошол кездеги аскер прокурору Нурлан Турсункулов жаап, ал боюнча башкы командачы, президент Курманбек Бакиевге маалымат берген. Исаков жана анын тарапкерлери кылмыш иштин кайра козголушуна кандай жагдай түрткү болгонун аталган тараптардан билүүнү көздөөдө. Ал эми президент Курманбек Бакиев Конституциянын кепили катары менин тагдырыма кайдигер карабашы керек деп билдирди сотто экс-министр Исаков. Сотто Исаковдун сунушу негизсиз деп табылды.
Исмаил Исаков уулуна мамлекеттин батирин мыйзамсыз ыйгарган деген негиз менен 8 жылга эркинен ажыратылган. Анын апелляциялык арызын Аскер Соту 10-февралдан бери карап жатат. (BuS)

XS
SM
MD
LG