Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:47

Маркум Саипов боюнча сот отуруму дагы болбой калды


Бүгүнкүгө белгиленген сот отуруму күбөлөрдүн келбей калышына байланыштуу 20-февралга которулду. Бул тууралуу “Азаттыктын” Оштогу кабарчысы Алишер Токсонбаев билдирди. Алишер Саиповду өлтүрдү деп шектелип бир жылдан бери камакта отурган Абдуфарит Расулов коюлган айыпты мойнуна алган жери жок. Ага күбө катары тартылып жаткан Ыкыбал Мирсаидов, Даврон Насипханов, Токтосун Асаев өңдүү күбөлөр келбей жатканына байланыштуу сот отуруму ушуну менен үчүнчү ирет башка мөөнөткө жылдырылды. Маркум Алишер Саиповдун атасы мындай көрүнүштү атайын аракеттер катары баалап, сотко ишеним көрсөтпөй тургандыгын бүгүн журналисттерге билдирди. Коз карандысыз журналист Алишер Саиповду 2007-жылдын 24-октябрында Ошто белгисиз адамдар атып кетишкен. (BuS)

XS
SM
MD
LG