Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:02

ИИМдин байгеси үчүн көкбөрү мелдеши башталды


Бишкектеги “Аккула” атмайданында болуп жаткан оюнга 10 команда катышат. Алар буга чейин өлкөнүн ар кайсы аймактарында ойноп, жеңишке жетишкендер. Мелдеш 23-февраль – Мекенди коргоочулар күнүнө карата ойнотулууда. Мелдештин башкы байгеси - ИИМдин кубогу жана ВАЗ-2107 үлгүсүндөгү унаа. Экинчи орунга ээ болгон команда 150 миң сомго, үчүнчү орундагысы 100 миң, төртүнчү орунга чыккан көкбөрүчүлөр 80 миң сомго ээ болушат. Мындан тышкары “мыкты оюнчу”, “мыкты аргымак” жана "эң жаш адис оюнчу" үчүн атайын байгелер болот. Көкбөрү мелдеши 5 күнгө созулат деп маалымдайт ИИМдин басма сөз кызматы. (ZKo)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG