Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 01:09

Эмгек мигранттары ВИЧ СПИДдин көбөйүшүн шарттоодо


Бүгүн “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында Аялдар Конгрессинин төрайымы Замира Акбагышева ушундай билдирүү жасап, буга байланыштуу чукул чараларды көрүү зарыл деп билдирди. Акбагышеванын айтымында Орусияда, Казакстанда иштеп кайткан мигранттар үй-бүлөлөрүнө СПИДдин ВИЧ инфекциясын жугузуп жатышат.
Маалымат жыйынында жарыяланганга караганда 1-январга карата ВИЧ инфекциясын жугузгандардын саны 2 миң 772ге жеткен. Алардын 1945и эркектер, 669у - аялдар. Илдетке чалдыккандардын 62,8 пайызы - маңзат пайдалангандар. (BuS)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG